Жыйынгы ошондой эле, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.


Күн тартибине бир нече маселелер коюлду:


1.    Калаанын парктык аймактарына жана бульварларына ар кандай оюн-зоок аттракциондорун (батуттарды, теннис стол жана шайтан арабаларды ижарага берүү) орнотуу процедурасын  иретке келтирүү жөнүндө;


2.     «2015-жылга мэрдин милдеттери жана иш пландарын» ишке ашыруунун алкагында шаардын аймагына 100дөн аз эмес  балдар жана спорттук аянтчаларын калыбына келтирүү жана оӊдоо иштеринин жүрүшү боюнча;


3.    «Көк-Жар» жаӊы конушундагы 280 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу, 960 окуучуга ылайкталган «Дордой» конушундагы мектептин курулушу жана «Калыс-Ордо» конушундагы гранттык каражаттын эсебинен курулуп жаткан мектептин курулушу;


4.    Калаа жолдорунун чуӊкурларын оӊдоодо аткарылган иштердин жыйынтыгы. Кытай грантынын алкагында  оӊдолуп жаткан жолдордун (Махатма-Ганди, Ж-Пудовкин, жана .Ауэзов көчөлөрү) курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө. Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо боюнча;


5.    Өткөн пландык жыйында берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө;


6.    Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук-саясий кырдаал  жана укук тартиптин абалы жөнүндө.


Урматтуу шаар тургундары! Жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында онлайн режимде өткөрүлөт. Каалоочулар жыйынды көрө алышат.