Борбор калаабыздын базарларында башаламан соода түйүндөрү иштиктүү түрдө чечиле баштады, жана чечүүдө элдин кызыкчылыгын да эске алууну негиз коюшту

8-июлда шаарыбыздын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев «Ош базарынын» соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда ишкерлер менен шаар жетекчилери базардын айланасында талапка жооп бербеген жана уруксат кагаздары жок соода жүргүзүп жаткан түйүндөргө кандай чара көрүлөөрү жөндөө сөз кылышты.

Аппарат жетекчиси базар жетекчилигине 10 күн арасында маселени чечүү максатында сунуш киргизүүсүн суранды. Сунуштардын негизинде системалык план иштеп чыгып базар көйгөйлөрүнө чара колдонууну белгилешти.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!