Учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы калаабыздын 6 көчөсүн калыбына келтирүүдө. Алар: Молдокулов, Көк-Жайык, Кара-Жыгач, Исакеев жана Виноградная көчөлөрү. Ал эми Улан көчөсүндө оңдоо иштери аягына чыкты. Баардык 6 көчөгө, жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталган туурасы 1,5 – 2,0 метрге жеткен тротуар коюлат. Ошондой эле, шаар ичинде бөлүнгөн аймактарда да оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жаткан учур. Якутск көчөсүнүн Дэн Сяопин прсопектинен Каракум көчөсүнөчейинки 650 метрлик аралыгында оӊдоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, Жумабек көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн жана Махатма Ганди көчөсүнө чейинки 730 метрлик аралыгындаоңдоо иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, оңдолуп жаткан көчөлөрдүн бир тарабында сөзсүз түрдө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар төшөлөт. Ал эми Панфилов көчөсүндө асфальт-бетон катмарынын 300 метри жаӊыланууда.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!