Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы шаар ичинде тартип орнотууда.

Мындан улам,  Жал кичирайонунда мыйзамсыз жайгашкан жеӊил конструкциядан турган объект алынды. Объект май алмаштыруу кызматы менен алектенип келген.

Ошондой эле Ала-Арча суусунун жээгиндеги «Көлмө» жаӊы конушунун Мидин көчөсүндө турган 40 тонналык контейнер алынды. Махатма Ганди көчөсүнөн 1 соода күркө, эки 20 тонналык контейнер, 2 темир чатырча алынып, натыйжада  440 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Мындан тышкары, Ахнубаев көчөсүдө жайгашкан №190/1 даректе өз ыктыяры менен темир тосмосор алынды.