Келишимге Бишкек шаарыбыздын вице-мэри Татьяна Кузнецоважана Борбор Азиянын ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНЭЙДС) бирдиктүү программасынын директору Александр Голиусов кол коюшту.

Белгилей кетсек, Бишкек - Борбор Азия шаарларынын ичинен бул декларацияны колдогон алгачкы шаар болду. Дүйнө жүзү боюнча бул декларация, 300 шаар жана муниципалитеттен колдоого ээ болгон. Бул документке кол кою менен бирге Бишкек шаарынын мэриясы 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын жокко чыгаруу демилгесине кошулуп, ВИЧ менен ооруган кишилердин жашоо шартын жана ден-соолугун жакшыртууга өз салымын кошот.

Париж декларациясына кол коюуу - мамлекеттик мекемелер, жарандык коомдук уюмдар,  жана активисттердин арасында шереиктештикти кенейтүү ошондой эле, АРВ препараттарын сатып алуу системасын жакшыртууну жана  каржылоодо мамлекеттик булактарды издөө багыттарын көздөйт.

Кол кою аземине КР саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев, шаардык кеӊештин депутаты Сайдахмат Исмаилов жана ОФ «AFEW-Кыргызстан» уюмунун директору Наталья Шумская катышты.

Маалымат: 2014-жылы Париж шаары ВИЧ оорусуна каршылык демилге көтөрүү милдетин алган. Париж декларациясы бул – ВИЧке каршылык көрсөткөн коомчулуктун баардык күч аракеттерин бириктирүүчү документ болуп эсептелинет.

Париж декларациясынын максаттуу багыттары: «90-90-90»

1) ВИЧ оорусуна чалдыккандардын 90 пайыздан кем эмеси ВИЧ статусунда экенин билиши зарыл;

2) Ооругандардын 90 пайыздан кем эмеси антиретровирус даарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл;

3) Даарыланып жаткандардын 90 пайыздан кем эмеси оорусун басаӊдатып толук кандуу жашоого жана вирусту таратпоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.