Жыйында райондун санитардык тазалыгы жана жашылдандыруу боюнча «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканаларына тиешелүү маселелер көтөрүлдү.


Мындан тышкары, район башчысы тарабынан тыюу салынган «Спайс» психотроптук препараттары боюнча маселе көтөрүлдү. Район башчысынын районду текшерүү учурунда тыюу салынган препараттар жарнамаланып жатканын бир нече ирет жолуктурган.


«Биз аталган препараттан кандайдыр бир окуяны күтпөшүбүз керек. Азыртадан алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл»,-деди Болот Алымкулов.


Кезегинде ИИБнын башчысынын орун басары шектүү жарнамалык жазууларды байкап, көрүп калсаӊар тез арада 102 номерине кайрылууларын белгиледи.


Аким бардык МАБдардын башчыларына жашоочуларга маалыматтарды жеткирүү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу тапшырмасын берди.