Токтогул көчөсү, Манас проспектинен  Т. Үмүталиев көчөсүнө чейин убактылуу жабылат. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде  «Бишкекжылуулуктүйүндөрү»  ишканасы  жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү иштерин жасайт, ошондой эле Токтогул көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде да оӊдоо иштери жүрүп, жол жабылат.

Оӊдоп түзөө иштери бир жарым айга созулуп, 2019 – жылдын 25-августунда аяктайт.

Ардактуу шаар тургундары жана меймандар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жогоруда көрсөтүлгөн аймакты айланып өтүүнү өтүнөбүз.