Биз мамалекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышынын көзөмөлгө алабыз.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгы борбор калаабыздын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Коомдук транспорттогу маалыматтардын баардыгы сөзсүз түрдө мамлекеттик тилде да чагылдырышы шарт экени жетекчилерге түшүндүрүлдү. Жыйындын жүрүшүңдө айдоочулардан жол эрежесин сактоону жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдө маданияттуулугун талап кылышты.

Урматтуу жүргүнчүлөр, эгер коомдук транспорт, же мамлкеттик тил боюнча сурооңуздар болсо төмөнкү телефонго кайрылыңыздар:

-  Троллейбустардын иши боюнча WhatsApp номур: - (0555)  33 00 31  

-  Маршруттук автобустардын иши боюнча номур: -  (0312)  533648  

-  Автобустардын иши боюнча номур:  -  (0312)534824 же 531817  

Мындан тышкары билдирүүлөрмэриянын кыска номурлары:1840 жана 1850 аркылуу 24 саат бою кабыл алынат. Бул номурлардын өзгөрүшү «Кыргызтелеком» ишканасынын 3 сандуу кыска номурдан 4 сандууга өтүп жатканына байланыштуу киргизилген. Мындан ары 185 нумуру  тейленбейт. Ал эми көйгөйлөрдү чагылдырган сүрөттөрдү адаттагыдай  эле (0554)182-185 востабына жөнөтө аласыздар.

Кошумча байланыш катары «Bishkek312» мобилдик тиркемесиздин кыматыңызда, тиркемени PlayMarket жана AppStore аркылуу жүктөп алсаңыз болот. Тиркемекоомдук транспорт менен гана чектелбестен шаардагы турак-жай комуналддык чарбаларын, жолмаселесин, социалдык мекемелердин иштешин, көрктөндүрүү ж.б. тармактагы көптөгөн ыңгайлуумүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мындан сырткары мэриянын расмий сайты сиздердин кызматыңызда.