Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев кезектеги муниципалдык объектилерди кыдыруу ишин жүргүзүүдө. Бул жолу  Биринчи май менен Ленин районундагы объектилерге барып эффективдүү жана негиздүү багытта колдонуп жаткандыгына байкоо жүргүздү. Иш убагында шартка ылайык эмес колонуп жаткан ижарачыларга эскертүү берип, инспекциянын алдында көзөмөлдө болоорун айтты. Мындан тышкары, калаабыздагы жер алдындагы өтмөктөрдү кыдырып кээ бир ижарачылар объектини сунушталган багытта колдонбогондугун жана  төлөмү өтө төмөн экенин эске алды.

Ачыкка чыккан көйгөйлөр алдыдагы жыйында талкууга салып, муниципалдык башкармалыгынын комиссиясы тарабынан каралаарын айтты

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!