Прораб курулуш иштери менен тааныштырып, курулуштун 70-80% аятаганын билдирди. Азыркы учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, күзүндө курулуш иштери аяктайт.


Болот Алымкулов аталган бала бакча Октябрь районундагы эӊ чоӊ жана заманбап салынып жатканын белгиледи.


«Көк-Жар» конушундагы муниципалдык бала бакчанын курулушун шаардык бюджеттен каржыланып, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун көзөмөлүндө.

 

Бала бакча 280 балага ылайыкталып, план боюнча 2015-жылдын 4 кварталында эксплуатацияга берилет.