“Мына 20 жылдан бери Бишкектин көчөсү Индия лидери Махатма Гандинин атынан аталып келет. Анын окуулары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Бишкек шаарынын мэриясы айкелди орнотууда Индия бийлигинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Мындан ары биздин бир туугандык мамилебиз бекемдейт деген ишеничтемин”,-деди Кубанычбек Кулматов.


Эстелик Индиядан даярдалып, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу проспектисинин кесилишине орнотулду. Мэрия монументти жашылдандыруу милдетин алды.