Жолугушууда мыйзамсыз күркөлөрдүн  алынгандыгы  жана  соодагерлерге башка ыңгайлуу жерден орун берүү талкууланды.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов соодагерлерге ыӊгайлуу жер берүү керектигин белгиледи.


«Биз бүгүн сиздерге  сиздер каалаган Салиев көчөсүнөн орун  бере албайбыз. Анткени, Салиев көчөсүн  кеӊейтүү пландар бар. Ал жакка жайгашып алгандан кийин кайрадан  күркөлөрдү түрттүрүп, сиздерди зыянга учураткыбыз келбейт»,-деди калаа башчысы.


Жыйынтыгында мэр Кубанычбек Кулматов тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө  ижарачылар менен бирге орундарды кароо  тапшырмасын берди.


Аталган жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Бакытбек  Абдиев, Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери жана соодагерлер катышты.


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ауэзов көчөсүн кайрадан куруу иштерине байланыштуу жол жээгиндеги жүздөн ашык  мыйзамсыз жана соода күркөлөрү түрттүрүлгөн.