Калаа мэриясынан 50 миң сом жана Биринчи май райондук администрациясынын атынан 30 миң сом тапшырылды.


Жарым-жартылай зыянга учураган эки үйбүлөнүн үйлөрүнүн телефон, электр энергиясы жана газ жабдуулары калыбына келтирилди.


Азыркы учурда “Тазалык” МИнын үч бригадасы аймакты таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзө баштады.


Эскерте кетсек, мэрия эки үйбүлөгө калаанын социялыктык жатаканасынан убактылуу жай берип, бардык чыгымдарды өз мойнуна алды. Мындан тышкары, жатаканада жашаган жабыркагандар үч түрдүү тамактануулар менен камсыздандырылды.


Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Геннадий Миллицкий жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.