Баш калаабыздын санитардык–экологиялык инспекциясы райондук акимиаттар менен биргеликте шаар ичинде текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык нормаларды бузуп, Бишкек шаарын жайландыруу эрежелерин сактабаган шаардыктарды жана чарба субъектилеринин ээлерин тартипке чакырууда.

Тилекке каршы, күз мезгилинин келиши менен жалбырактарды, таштандыларды, желимди өрттөө фактылары катталууда.

Ардактуу шаардыктар! Жалбырактар менен желимди өрттөөдөн пайда болгон газ, адам баласынын ден-соолугуна зыян болуп жана абанын булгоо менен шаардагы био ар түрдүүлүктү жок кылаарын эсиңиздерге салабыз.  

Белгилей ктесек, таштандыны өрттөө - Бузуулар боюнча Кодекстин 71 беренесине ылайык 23 миң сомго чейинки айып пул менен жазаланат.

71-берене. Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Жеке жактарга  – 5 миң 500 сом,

Юридикалык жактарга  – 17 мин сом.

Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Жеке жактарга  – 7 мин 500 сом,

Юридикалык жактарга -23 миң сом.

Ардактуу шаардыктар жана баш калаабыздын меймандары! Эгер сиздер бул беренелер боюнча мыйзами бузууларга күбө болсоңуздар, бизге кайрылыңыздар!

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы(СЭИ): 0(312) 65 81 59,  фото жана видео фактылар үчүн СЭИнин WhatsApp-каналы: 0505 888 315

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 707 373 373;

Ленин району: 0500 210 470.

Шаарыбыздын тазалыгына кам көрүп, мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлап турган шаардыктарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!