Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.


Абдужалил Юнусов 1953-жылы 4-декабрда Талас областынын Манас районунун «Кызыл-Жылдыз» айылында төрөлгөн. 1973-жылы Фрунзе курулуш техникумунун  өнөр жай жана жарандык курулуш  иштери адистигин бүтүргөн.


1973-жылдан бери «Алга» ЦС ДСО дзюдо күрөшү боюнча машыктыруучу-инструктор болуп иштеген. 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Финансы и Кредит» адистиги боюнча экономика факультетин бүтүргөн. 1982-жылдан баштап Айыл-чарба министрлигинде ага инспектор, эсепчи жана экономист адисинде иштеген. 1995-жылы «Малика» ЖФ мүдүрү болуп эмгектенген. Ошондой эле, дзюдо   күрөшү боюнча СССР эилинин VIII Спартакиадасынын чемпиону.


Дзюдо   күрөшү боюнча 1977, 1978, 1980 жана 1983 жылдардагы ССРдин төрт жолку чемпиону. Жалпы союздук жана эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү, Кыргыз ССРнин он үч жолку чемпиону, дзюдо күрөшү боюнча эл аралык класстагы ССРдин спорт чебери. Ошондой эле, XX кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты дзюдоисти аталган.