Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун иш жумасы салтка айлангандай шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын ѳткѳрүүдѳн башталат

Анын жүрүшүндѳ:авто унаалар үчүн жаңы парковка жана коомдук аянттарды, мектеп жана балдарбакчасы, тротуар жана веледорожкаларды куруу, ошондой эле 2020-2024-жылдар аралыгында Бишкек шаарында ирригациялык тутумун куруу маселелери каралды.

Шаар башчысы шаардык кызматтардын жетекчилигине, жылытуу мезгилине даярдык маселесинкѳтѳрдү.

Райондордун жетекчилерине отун базаларына кѳмүрдү алып келүү графигин дыкат сактап, аз камсыздалганүй-бүлѳлѳрдү кѳмүр жана отун менен камсыз кылууну тапшырды.Шаар жетекчилиги акимдерге кѳмүрдүншаар кѳчѳлѳрүндѳ башаламан сатылышын токтотуш керек экендигин билдирди.

Нормага ылайык аба-ырайынын орточо температурасы+8 градуста катары менен 5 сутка кармалса, шаар тургундарына жылуулук бериле баштайт.

А.Суракматов мэриянын бардык түзүмдүк бѳлүмдѳрүнѳ, ѳзгѳчѳ билим берүү жана саламаттык сатоо башкармалыгына санариптештирүү процессин баштоо тапшырмасын койду, негизги максат шаар тургундарынын муниципалдык кызматтарга болгонжеткиликтүүлүгүнжогорулатуу.

Экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге жана транспорттук ишканаларга сыйымдуулугу жогору болгон коомдук автобустарды сатып алуу маселелерин карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле,биринчи вице-мэрге экономика жана инвестиция департаменти менен биргеликте кирешени жогорулатуусаясатын анализдѳѳ тапшырмасы берилди. Муниципалитет жетекчиси «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдардын 25 пайызы шаардык бюджетке түшѳ тургандыгын эскертти.

Шаар башчысы экономика жана инвестиция департаментинин ишинин натыйжасыздыгын, инвестиция тартуудагы чабалдыгына тынчсызданды.

Ошондой эле, шаар жетекчиси Тыныстанов кѳчѳсү 193 дареги боюнча күйүп кеткен салык кызматынынимаратынынордуна балдарбакчаныкуруу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Шаар мэри тротуарларды куруу программасын башталгандыгын билдирди. Чарбалык кызматтар менен биргеликтешаар акимиаттарыменен биргеликтетротуарлардын, сугат жана жарыктандыруу картасын түзүүнү, алмаштырууга муктаж болгон жерлерди алмаштырып, иш бир тегиздикте жүрүшү керектигин айтты.

Азиз Суракматов“Бишкекжашылдандыруу” ишканасына сугат иштеринде заманбап, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алууну тапшырды.

Бишкек -сүйүктүү шаарыбыз!