Бишкек шаардык мэриясынын муниципиалдык мүлк башкармалыгы тарабынан балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнѳ жатаканадан бир бѳлмѳлүү үй берилди. Бѳлмѳнүн ачкычын муниципиалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев ѳз колу менен тапшырды. Жаңы үйгѳ ээ болгон тургундардын кубанычында чек жок. Алардын бири Эржан Уметалиев инсульт болуп ооруп, опрация кылыш үчүн ѳзүнүн үйүн сатып, учурда батирде жашап, кыйналып турган кези экен. Күтүүсүздѳн мындай үйдүн берилиши мен үчүн бир топ колдоо болду”, -дейт Эржан. Ал эми Азиза Караева бул үйгѳ ээ болуш үчүн 3 жыл мурун кезекте турган, ѳзү жалгыз бой эне, эки баланын апасы.

ММБнын жетекчиси Нурлан Тынаевдин айтымында жыл башынан бери турмуш шарты начар үйгѳ муктаж болгон жарандарга ушуну менен 3-жолу үйдүн берилиши. Тизмеде үй алсак деп кезекке турган адамдардын саны дагы 33 кишини түзѳт. Мыйзам боюнча эгерде үйдүн ээси каза болуп, кароосуз калган үй болсо, ал мамлекетке ѳтѳт.