Мелдешке Казакстандын жана Кыргызстандын 100 гө жакын спортчулары катышты.


Иш-чараны Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы  Абдужалил Юнусов ачып, спортчуларга ийгилик каалады.


“Урматтуу катышуучулар, коноктор! Бүгүнкү иш-чараны уюштуруп жаткан Триатлон Федерациясына ыраазычылык билдирем. Спорттун бул түрү биздин жергебизде дагы өнүгөт деген ишеничтемин. Ал эми спортчуларга ийгиликтерди каалайм”,-деди Абдужалил Юнусов.


Иш-чаранын алкагында спортчулар  5 км аралыкта чуркап, андан кийин 20 км велосипед менен жүрүп, акырында 2,5 км чуркоо  менен жыйынтыктады.


Аталган мелдешке Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.