Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы боюнча, транспорт жана жер саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов баш калаадагы коомдук транспорттун кыймылын жөнгө салуу жана тармактын натыйжалуу болушу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Буга чейин бул багытта биз дүйнө шаарларынын тажрыбайларын изилдеп, Москва шаарынын (РФ) “Автомобилдик транспорт боюнча илимий-изилдөө институтуна” кызматташуу боюнча расмий кайрылганбыз.  

Бүгүн вице-мэр А.Алымкулов бул суроо боюнча атайын Бишкекке учуп келген Россия Федерациясынын транспорт министрлиги алдындагы автомобилдик транспорт боюнча илимий –изилдөө институттун  илимий секретары Канатбек  Ибраев менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушууда Бишкек шаарынын транспорттук комплексин өнүктүрүү жана стратегиясын иштеп чыгуу боюнча суроолор талкууланды. Мындан тышкары, жол кыймылын уюштуруу боюнча комплекстүү схемаларды иштеп чыгуу жана транспортту автоматтык система аркылуу башкаруу маселелери көтөрүлдү.

Мэрия москвалыктар менен биргеликте каттамдык түйүндүн ылайыктуу жана ыңгайлуу конфигурациясын, транспорт кыймылынын графиктерин жана коомдук транспорттогу кызматтардын сапат стандарттарын ишеп чыгууна пландаштырууда.

Эң маанилүүсү, бардык пландар велисипеддик кыймылды эске алуу менен иштелип чыгат.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!