Машыгуу жабдуулары Бишкек шаарынын мэриясына Түркия  тарабынан кайтарымсыз негизде берилди.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов комплексти ачып жатып, шаардыктарды бул саамалык менен куттуктады.


“Урматтуу шаар тургундары! Биздин шаар үчүн эң маанилүү болгон бүгүнкү саамалыгыбыз кут болсун. Бул биз келечекте илгерилете турган сынамык долбоор. Шаардыктар бул жерде сейилдеп тим болбостон, таза абада машыгышат деген үмүттөбүз”,-деди калаа башчысы.


Иш-чаранын жыйынтыгында чакырылгандар машыгуу жабдуулары менен машыгып көрүштү. Ал эми тажрыйбалуу машыктыруучулар каалоочуларга машыгуу түрлөрүн көрсөтүштү.


Белгилей кетсек, аталган көчө машыгуу жабдуулары сынамык долбоордун негизинде 6-кичирайонунда жайгашкан Кайың токоюна жана Эркиндик бульвары жана Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишине орнотулат.


Иш-чаранын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаттары жана шаар тургундары катышты.