Аянтча Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосунда жана Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен ачылды.


“Урматтуу ата-энелер! Ардактуу балдар! Бүгүн бул үйдүн жана бул үйгө жакын жайгашкан балдар үчүн кубанычтуу күн. Анткени, жаңы балдар аянтчасы ачылып олтурат. Бул белек Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевден берилип жатат. Мен бул короонун балдарын жаңы аянтчасы менен куттуктайм жана ден соолук, бактылуу балалык каалайм. Өлкө башчыбызга терең ыраазычылык билдирем”,-деди Айгүл Рыскулова.


Балдар аянтчасын ачуу үчүн каражат Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.


Долбоордун алкагында калаада 12 аянтча ачылат. Биринчи аянтча Ленин районунда ачылган.


Иш-чарага көпчүлүк коалициясынын лидери Алмаз Кененбаев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, балдар жана ата-энелер катышты.