Жубайлар Юсуф Гатаулин 1929-жылы туулган жана Роза Давлетова 1939-жылы туулган. Алар 55 жыл бирге өмүр сүрүп, учурда бир уул, эки кыз, жети небере жана чеберелердин бактылуу ата-энеси.


Бүгүн жубайлар “зымырт тоюн” белгиледи жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы мааракечилерди куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


Бишкек шаарынын мэриясынын жана Октябрь  райондук администрациясынын атынан куттуктоо баракчасы жана 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Район башчысы ынтымактуу үйбүлөлөр башка үйбүлөлөргө үлгү болорун белгиледи.


Жубайлар 1970-жылдан бери Октябрь районунда жашап жаткандыгын белгилеп, район башчысына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.