Жыйында Бишкек шаарынын тиричилигин камсыздоочу маселелер: калаа жолдорун кайрадан куруу жана курулуш иштерин жүргузүү, жаңы окуу жылына жалпы билим берүү мекемелерин жана бала бакчаларды даярдоо, КТК убагында чыгаруу, калаанын жашыл көчөттөрүн убагында сугаруу, шаардык оргумалардын иштеши талкууланды. Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жай ээлеринин шекриктештигин өнүктүрүү, мэрия тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү оңдоо жана көрктөндүрүү маселелерин чечүү  үчүн кызыктыруучу гранттарды бөлүү талкууланды.

Мэр район акимдерине турак-жай ээлеринин шекриктештиги маселесине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.


Калаа башчысы борбордук көчөлөрдөгү “Илбирс”, Агропром, Тарых музейи, Улуттук китепкана жана Т.Сатылганов атындагы улуттук филармония имараттарынын сыртын жууп жаткандыгын текшерди.


Пландык жыйындын соңунда Ибраимов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн оңдоо иштерин текшерди.


Аталган көчөлөрдөгү оңдоо иштери пландалган график боюнча жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт.