Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаевдин айтуусу боюнча, жабдууну текшерүү калаанын аймагында 2015-жылдын 6,7,8-августта жүргүзүлөт.


“Бардык шаар тургундары өздөрүнүн шайлоо участогуна  барып биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгын аныктай алат”,-деди Нурдин Тынаев.


Тестрилөө иши төмөнкү түрдө өткөрүлөт:


-    Шаар тургундары паспорттору менен өздөрүнүн шайлоо участогуна барат;
-    Атайын аппараттын жардамы менен  бармак тагы алынат;
-    Эгерде биометрикалык маалыматты тапшырган болсо, тапшыргандыгы тууралуу маалымат чыгат;
-    Оператор базада берилген маалыматты ички паспорт менен салыштырат;
-    Эгерде маалыматтар туура келсе, тесттен өткөндүгү тууралуу дүмүрчөк берилет.


Шаар тургундарына ыңгайлуу болуусу үчүн  аймактык шайлоо комиссиясынын базасында тестирлөө өткөрүүнүн графиги түзүлгөн.

 

График менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: график

 

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын шайлоо тизмесинен текшерүүнү суранат. Өздүк маалыматты төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: http://grs.gov.kg/, http://www.shailoo.gov.kg