Иш-чарага 500 дөн ашык адам катышты.


Калаа башчысынын айтуусу боюнча мындай ишембиликтер аталган сейил бак көрктөндүрүлүп бүтмөйүнчө ар жумада өткөрүлөт.


Ишембиликтин жүрүшүндө көк чөптүн үстүндөгү таштандылар чогултулуп, куурап калган жана авариялык абалдагы дарактар кыйылды, ошондой эле, чөптөр чабылды.


«Жашылдандыруу» МИнын жүктөгүч, трактор, мунара, чөп чапкыч техникалары тартылды. Ишембиликтин катышуучуларына таштанды чогултуу үчүн баштыктар, кол каптар, тырмоо жана күрөктөр таратылды.


Ишембиликтин бир айлыгынын алкагында калаанын төрт районунун сейил бактарында ишембилик жүргүзүлөт.


Аталган ишембиликке Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, «Жашылдандыруу» МИнын башчысы Анвар Атантаев, Октябрь районунун МАБ, салык кызматынын кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, сейил бактын короо шыпыргычтары, жакынкы үйдүн тургундары жана Новопокровканын активисттери катышты.