Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундарын ачылыш аземи менен куттуктап, бекем ден соолук жана жакшы маанай каалады.


«Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди спорттук аянтчанын ачылышы менен чын дилимден куттуктайм. Биз спортко көбүрөөк убакыт бөлүшүбүз керек. Шаардыктар сейил бакта эс алуу менен спорт менен машыгуусун каалайт элем. Бул машыгуу жабдуулары сиздер үчүн орнотулду. Тренажерлерду этият менен колдоносуздар деген үмүттөмүн. Ошондой эле, мындай белеги үчүн Стамбул шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирем»,-деди калаа башчысы.


Ар бир комплекс 10 машыгуу жабдууларынан турат. Машыгуу жабдуулар темир жана пластиктен жасалган.


Эскертек кетсек, машыгуу жабдуулары Бишкек шаарынын мэриясына Стамбул шаарынын мэриясынан кайтарымсыз негизде берилди.


Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, көпчүлүк фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, шаар тургундары жана коноктор катышты.

 

Эркиндик бульвары

 Ак кайыӊ токою