Белгилүү болгондой, мрамор имараттары курулгандан бери бир дагы жолу тазаланган эмес.


Ала-Тоо комплекси өзүнө “Илбирс” жана Агропром имараттарын камтыйт. Азыркы учурда тазалоонун биринчи этабы жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтуусу боюнча, экинчи этапта  Тарых музейи жана Филармонияны тазалоо пландалууда.


Мрамордук имараттарды тазалоо менен Манас эпосунун баатырынын эстелиги да тазаланды.


Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, имараттарды жана эстеликтерди жуу иштери жаңы суу чачуучу технологиянын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Бул сыяктуу технология кыйла эффективдүү болуп саналат.


Мрамордук имараттарды жууп, тазалоо иштери 27-июлда башталды жана үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин улантылат.