Матч 2:0 эсеби менен “Алга” командасы жеңди. Биринчи голду футболист Иван Филатов, экинчи голду Мирбек Акматалиев киргизди.


Иван Филатов айтуусу боюнча, команда үчүн бул жеңиш абдан маанилүү болгон жана тынымсыз даярданышкан.


“Бизге дем күч берип,  колдоп келгендерге терең ыраазычылык билдирем. Бизди колдоп, ишенип жаткандарды биз сезип жаттык”,-деди Иван Филатов.


Футболдук клубдун директору Эмиль Бусурманкулов Бишкек шаарынын мэриясына жана КР Футбол федерациясына уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана күйөрмандарды 15-августта өтө турган «Алга» жана «Шейх Джамал» (Бангладеш) командаларынан оюнун көрүүгө чакырды.


Эскерте кетсек, кийинки матч 13-августта болот. Ага «Бенфика де Макао» (Макао) жана  «Шейх Джамал» (Бангладеш) командалары катышат. Матчтын башталышы 18.00. Кирүү акысыз.


Бишкек шаарынын мэриясы жана “Алга” футбол клубу шаар тургундарын жана конокторду жогорку сапаттагы оюн менен ырахаттанууга жана эстен кеткис эмоция алууга чакырат. Алга, Бишкек!