Күн тартибинде оорулардын абалы, адамдар жана жаныбарлар арасында кутурма оорусу менен күрөшүү чаралары, калк арасында ВИЧ/СПИД оорулары  талкууланды.


Берилген суроолор боюнчасаламаттыкты сактоо департаментинин жетекчилери жана адистери доклад кылышты.


Жыл сайын республикада адамдар арасында 1-2,  Ошондой эле, жаныбарлар арасында 60-100 кутурма оорусу катталат.


2015-жылдын 6 айында калаанын медициналык мекемелерине айбанаттардын кабууларына кабылган 1535 адам катталган. Эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында 78% иттин кабууларына кабылгандар экендини аныкталды. Кабуулардын, тиштөөлөрдүн башкы себеби үй жаныбарларын багууда эрежелерди сактабагандыктан келип чыгууда.


Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык абал жана социалдык – маанидеги ооруларды алдын алуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ошондой эле, 2015-2020-жылдарга комплекстүү план бекитилген.