Пресс-конференцияда мэр Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын жолдорунун жалпы узундугу 1 миң 375 км  ге созуларын, анын ичинде 200 км гана сапаттуу асфальт менен жабдылып, калган бөлүгү кайрадан курууга муктаж экендигин билдирди.


“Жолдорду толугу менен оңдоо үчүн биз “2015-2017-жылдарда жол тармагын өнүктүрүү концепциясын” иштеп чыктык. Бул концепцияны ийгиликтүү ишке ашырып алсак, өлкөнүн башка шаарлары дагы колдоно алышат. Быйыл 3 көпүрө кайрадан курулат: Чүй проспектиси боюнча Чыгыш-5, Ауэзов көчөсү жана Махатма Ганди көчөсү боюнча. Ошондой эле, калаанын 49 көчөсүндө реконструкция иштери жүргүзүлөт”.


Конференциянын жыйынтыгында азыркы учурда оңдолуп жаткан Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкин, Курманжан Датка көчөлөрүнүн курулуш иштерин текшерди. Журналисттердин суранычы боюнча кыдыруу инженердик тутумдар орнотулуп жаткан Токтогул көчөсүнөн башталды.


Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Султанбек Усеновдун билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө Махатма Ганди көчөсүнүн Урицкий көчөсүнөн Көкчөтай көчөсүнө чейин асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Биринчи катмар төшөлгөндөн үч күндөн кийин экинчи катмар төшөлөт.


“Жакын арада жол кыймылы үчүн Жибек –Жолу проспектисинен Баялинов көчөсүнө чейинки жол бөлүгүн ачууну пландап жатабыз. Кийинки этап- “Баят” базарынан шаардын чегине чейин”,-деди Султанбек Усенов.


Курманжан Датка көчөсүн текшерүү учурунда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жаш дзюдочулар менен кокустан жолугуп, дзюдочулар калаа башчысынын колун кысып, эстеликке сүрөткө түшүштү.