Скважиналар Советтер Союзунун убагында курулган. Бүгүнкү күнгө чейин шаардык бюджетте акча каражаты жетишпегендигине байланыштуу калыбына келтирилип, оңдолгон эмес.


Ушунча  жылдан бери бул жылы Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун демилгеси менен 4 скважинаны калыбына келтирүү жана 1 скважинаны куруу бюджеттин сметасына киргизилди.


4 скважинаны калыбына келтирүү менен калаанын түштүк-батыш тарабы суу менен камсыздалат. Анын ичинде парктардын ирригациялык тармагы жана сейил бактар. Ошондой эле, сугат унаалары калыбына келтирилген скважиналардын эсебинен толтурулат.


Мындай скважиналардын бири Жеӊиш паркынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Экинчиси  Ата-Түрк сейил багынын түштүк-батыш бөлүмүндө. Үчүнчү скважина №4 шаардык ооруканасында, ал эми акыркысы АЗС дан Жукеев -Пудовкин А. Токомбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки түштүк-батыш тарабында жайгашкан.


Мындан тышкары, Чолпон-Ата көчөсүнүн түштүк-батыш бөлүгүнө дагы бир скважинаны куруу пландалууда. Скважиналарды

эксплуатацияга берүү менен Чолпон-Ата көчөсү боюнча Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин сугат суусу менен камсыз болот.


Белгилей кетсек, скважиналарды оӊдоо, калыбына келтирүү үчүн шаардык бюджеттен 15 млн.сом каражат каралган.