Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы муниципалдык менчиктин объектилерин башкаруу жана эффективдүү колдонууда   Муниципалдык менчик башкармалыгы райодук администрациялар  жана калаанын МАБдары менен биргеликте бирдиктүү иш-аракеттерди иштеп чыгуу маселеси талкууланды.


Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Султан Өмүровдун айтуусу боюнча, кыймылсыз объектилерге укуктук каттоо жана жер бөлүштүрүү боюнча  Бишкек шаардык башкармалыгы менен маалыматтар базасын салыштырып текшерүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Андан кийин Бишкек шаарынын Ленин районунун №1 МАБдын чегинде муниципалдык менчиктеги объектилерди инвентаризациялоо боюнча биргелешкен иш-чараны өткөрүү чечилди.


Ошондой эле, муниципалдык менчиктин объектилери боюнча интерактивдүү картаны түзүү долбоору сунушталды. Аталган долбоор  шаардыктарга ыӊгайлуу болуусу үчүн «Жарандык демилге» фонду менен биргеликте иштелип чыккандыгын биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков маалымдады.  


«Бардык шаар тургундары муниципалдык менчиктин объектилери,  ошондой эле,  коомдук транспорттун иштери жана таштанды чыгаруунун графиги менен онлайн режимде тааныша алат. Карта to.kg сайтында жайгаштырылган жана кийин шилтеме Бишкек шаарынын мэриясынын райсмий сайтына жайгаштырылат. Аталган карта шаар тургундарына керек болот деген ойдомун», - деди  биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков.


Жыйынга Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жеӊиш Исаков, мекемелердин кызматкерлери жана МАБдардын башчылары катышты.