– Биз шаардыктардын  «жер мафиясы» менен макул болууга жол бербөө талабын колдойбуз жана алдамчыларга  алданып калган «басып алуучуларга»  башка шаардыктарга зыян келтирбестен,  өз курулуштарын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн  берүү  жолдорун табуудабыз.


Мэр Кубанычбек Кулматов бүгүнкү күндө мыйзамдаштырылбаган жаӊы конуштарда 6300 курулуш бар экендигин жана алардын ээлерине кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын белиледи. Биринчи кезекте алар катталыша алышпайт, ошондуктан  «социалдык пакети» колдонууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын билдирди.


Калаа башчысы шайлоо алдында саясатчылардын жана партиялардын басып алуучуларга жардам берүүчү  «кызыл китеп» берүү убадаларына ишенбөөгө чакырат. «Алар жогорку орунду ээлеп келишкен жана өзүлөрүнүн ондогон жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн ОБОН –алдамчыларды түртүшөт. Бүгүнкү күндө да кайрадан элдерди алдап жатышат. Туура түшүнүӊүздөр, мыйзамсыз басып алынган жер тилкесине эч ким  «кызыл китеп» берүүгө барбайт. Мыйзам дагы, шаар тургундарынын өздөрү дагы мыйзамга каршы басып алуучулардын жаӊы толкунун чакырбайт.  Эгерде ал жер коргоо жери болсо, инженердик коммуникация, кабелдер, канализация же болбосо, жогорку вольттуу электр өткөрүмдүүлүк чубалгылары жайгашкан жерлерге таптакыр болбойт»,-деди Кубанычбек Кулматов.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турай-жай курулуш департаментинин директору Самарбек Болотбековдун докладында кезекте тургандардын, жарандардын, кызыкчылыгын коргоо жана куруучулардын  курч социалдык абалын ыкчам чечүү жана басып алынган жерлерди мыйзамдаштырбастан жарандарды каттоону карап чыгуу белгиленди. Бул шаар тургундары талап кылып жаткан социалдык кепилдиктерди толук алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындайча айтканда, кош бойлуу учурунда каттоого алынат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга шарт түзүлөт жана мектепке, бала бакчага барууга, паспорт алууга, жумушка орношууга жана башка мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.


Башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагында жашаган шаардыктар легалдаштырылат.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агро өндүрүштүк комплекси жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Жээналиев кезегинде жерди мыйзамсыз басып алуу  Бишкекте жана  Ошто гана эмес, бардык өлкө үчүн  актуалдуу экендигин белгиледи. Ошондой эле, өз ыктыяры менен басып алган жерлерди текшербей туруп легализациялоо жер басуучулардын жаӊы толкунун көкүтүп жибериши мүмкүн.


Аталган тегерек столдун жүрүшүндө  катышуучулар жер тилкесин алууда кезекте турган жарандардын сөздөрүн угушту.


Тегерек столдун жыйынтыгында калаа башчысы  мэрия тарабынан сунушталган жаӊы конуштардагы турак-жайларды мыйзамдаштыруу көйгөйлөрүн чечүүнү мамлекеттик органдар колдоорун белгилеп,  укуктун алкагында гана аракет кылууга жана алдамчыларга ишенбөөгө чакырды.


Ошондой эле, тегерек столго жаӊы конуштардын тургундары, укук коргоочулар,  бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Бишкектик социалдык демилгечилер борбору, депутаттар жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.