Иш-чарага Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмаз Кененбаев, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев жана конуш тургундары катышты.


Район башчысы Аскербек Алиев конуш тургундарын келе жаткан Эгемендүүлүк күнү жана жаӊы 2015-2016 окуу жылы  менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.


Иш-чара Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын бийлери жана концерттик номерлери менен коштолду.


Спорттук-оюн аянтчасын орнотуу үчүн  сергек жашоого үндөө максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каражат бөлүндү.