Мэрия түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук акимиаттардын кызматкерлерин мамлекеттик тилде иш кагаздарына лингвистикалык корутунду берүү ыкмаларын үйрөттү.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Лингво-тренинг учурунда кызматкерлер документтерди түзүү, расмий кагаздар менен иш алып баруу, иштиктүү кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгышты.  
Белгилей кетсек, мындай окуулар эми байма-бай өтүп турат.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!