Урматтуу  шаардыктар! Профилактикалык оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, 10-мартта, эртең мененки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин "Энесай", "Дордой-1", "Дордой-2" конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат, анын ичинде:
-№21-, №94- мектептеринде;
-№20- китепканасында;
-№9- үй-булөлук дарыгерлер борборунда;
-“Бегимай Дордой” жеке бала бакчасында;
-Орхон саны к. 2, 2а,4 дарегиндеги бала бакчада;
-№6-, №- участкалык милиция бөлүмүндө;
-№21- МАБ


Свердлов райондук профилактикалык борборунун билдирүүсү боюнча, бул күнү аталган билим берүү мекемелери иштебейт, ал эми үй бүлөөлүк дарыгерлер борбору алдын ала суу менен камсыздалганы үчүн кадимки режимде тургундарды кабыл алат.
Ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурап калкты, уюмдарды жана ишканалары алдын ала  ичүүчү суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз.


Эгер cуу маселеси боюнча ар кандай кыйынчылыктар жаралса “Бишкексууканал” ишканасынын төмөнкү  номурларына кайрылууну суранабыз:
-ЖАТ “Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
-Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;
- “Горводопровод” башкармалыгы сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алат: 44-95-97, 44-96-45.
-“Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.


Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!м