Борбор каладаа тротуарлардын жана веложолдордун  масштабдуу курулушу башталды. Ч.Айтматов проспектиси боюнча асфальттын алдына төшөлчү негизи даяр болду, жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмунүн ишчилери курулуш объектери ошол аймакта жайгашкан тугундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.  


Ыктыярдуу түрдө Кыргыз-Түрк “Манас”, И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университеттеринин жана К.Көлбаев атындагы Бишкек унаа-жол колледжинин тосмолору алынды. Ошол эле учурда, жерди падалануу жана курулуш эрежелерин бузуу менен орнотулган объектилерге жерди пайдалануу жана курулуш башкармасынын кызматкерлери тарабынан чаралар көрүлүүдө.


Мыйзамсыз курулган Садырбаев көчөсү менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан павильон, Репин көчөсүндөгү №34 үйдүн жанындагы вагон жана Баялинов көчөсү менен профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнчө бузулду.
Ак-Өргө жаңы конушундагы Б.Алыкулов менен И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мыйзамсыз курулган тандыр жана Алихан ашканасы ишкерлердин өз ыктыяры менен бузулду.


Урматтуу ишкерлер жана муниципалдык жерлерди ижарачылар! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөбүз!
Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрүп калсаңыз, анда укук бузуулардын сурот жана видеофактыларын: 070363383 телефон аркылуу жибериңиз.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!