Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жугуштуу оруулардын, анын ичинде таажылуу вирус инфекциясын алдын алуу максатында борбордун адамдар көп жүргөн жерлерде, айрыкча коомдук транспортторунда жана соода-сатык базарларында дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Атайын санитардык тазалоодон "Дордой транс", "Ак-Ниет-Транс", "Элек", "Ак-жол-Транс-Кербен", "Куланбек" транспорттук ишканаларынын 250 каттамдан ашык маршруттук таксилер өткөрүлдү. Каттамдарды дезинфекциялоо улантылууда.
Белгилей кетсек, ошондой эле күнүмдүк толук санитардык дезинфекциялоону автобустар жана троллейбустар өтүшөт: кармагычтар, отургучтар, руль, панелдер жана эшиктин кармагычтары 1% хлорамидин эритмеси менен тазаланат. Айдоочуларга жана унаа жуучу жайдын кызматкерлерине кошумча инструктаж өткөрүлөт, акыркы аялдамаларда автобустардын, троллейбустардын салондорун максималдуу түрдө желдетүү менен аба-жылуулук режими камсыздалат.
Медициналык кароодон өтпөгөн дене басымы жогору болуп,сасык тумоого чалдыккан айдоочулар линияга чыгарылбайт.
Урматтуу шаардыктар! Шаардык транспортун кармагычтарын, акча жана майда тыйындарды кармаган соң колуңуздарды антибактериалдык кол аарчыларды колдонууну, ошондой эле милдеттүү түрдө колду самын менен жууп турууну сунуштайбыз. Ден- соолугуңузду сактаңыз!

Коомдук транспорттун иши боюнча төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:


* Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы: 0703075727;

* Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы автобустардын ишин тейлейт: 0553 022 753, 0772 173 743;

* Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0559733866

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарбыз!