Мелдешке 60 команда катышат. Анын ичинде Россия, Өзбекстан жана Казакстандын спортчулары. Баскетбол аянтында профессионалдуу спортчулардан тышкары аталган спорттун күйөрмандары да ойношот. Эреже боюнча ар бир команда үчтөн оюнчу болот. Мелдеш 22-августтан 23-августка чейин эки күнгө созулат. 23-августта чемпионаттын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлөт.


Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Баскетбол Федерациясы уюштурду.