Кезектеги текшерүүдө Юнусалиев көчөсү, №7/1 дарегинде жайгашкан «Liqht» компьютердик клубунун айланасы имаратты оӊдоодон кийин курулуш таштандыларын Юнусалиев көчөсүнүн жээгине башаламан таштагандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан ижарачы Рысбеков К.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.