Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Биринчи май райондук администрациясынын жана ага караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматчылары үчүн "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү" деген темада окуу семинарын өткөрдү. Семинарга 41 кызматчы катышты.  


Семинардын киришүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Мыйзамы, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жөнүндө жана теориялык бөлүгүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, кыргыз тилинин эрежелери жөнүндө маалыматтар берилди.


Семинардын аягында кызматчылар суроо-жооп иретинде пикир алышып, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө каталарды кетирбөө боюнча маселелерди талкуулашты. 

                                   

Окуу семинарды Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өткөрдү.