Азиз Суракматовдун шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен өткөн жыйынында санариптештирүү процесси каралды.

Шаардык чарба департаментинин жетекчиси Нурлан Касымовдун билдиришинче, башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү эсепке алуу "иш жүргүзүү" жана "Электрондук ТКЧ" иштерди аткарууга, алардын сапатын реалдуу убакыт режиминде смартфондор жана GPS навигаторлордун жардамы менен көрүп турууга жана контролдоого мүмкүндүк берген долбоор пилоттук режимде иштеп баштады, ошондой эле шаардык кызматтар видео байкоо системалары менен жабдылып,52 камера орнотулган.

Мэр А. Суракматов санариптештирүү процессинин өтө жай жүрүп жатканын, шаардык чарба департаментинин жетекчиси белгиленген милдеттерин аткаралбай жатканын, борбордо ушул кезге чейин бирдиктүү санариптештирилген абоненттик базанын жоктугун, ошондой кызматтардын жетекчилери чыгымдарды жаап жашырып, каршылык көрсөтүүдө экенин белгиледи.

Санариптик технологиялар борборунун директору Эльдар Давлетов билдиргендей, ТЖКЧ кызматтарынын ишин каттоону автоматташтыруу боюнча сервистердин жана мобилдик тиркемелердин комплекси үчүн платформа жакын арада даяр болот.

Натыйжада, турак-жай коммуналдык кызматтардын ишин санарипке өткөрүүгө муниципалитеттин башчысы үч ай берди.

Мектептерде санариптештирүү маселеси боюнча төрт алдыңкы мектептин директорлору чакырылган.

Социалдык саясат боюнча Бишкек шаарынын Вице-мэри Татьяна Кузнецовага юридикалык бөлүм менен бирге балдарды участок боюнча гана мектепке кабыл алуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.

Муниципалитеттин башчысы билим берүү башкармалыгынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалады.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!