Урматтуу шаардыктар! Күн сайын бизге кайрылып, жардам көрсөтүү сунуштарын билдиргендер көбөйүүдө! Ар бир колдоо сөзү үчүн, өз ара аракеттешүүнүн кадамы үчүн ыраазычылык билдиребиз! Жөнөкөй шаардыктар, ишкерлер, айти-адистер жана урбанисттер борбордун жөнөкөй эмес мезгилди жеңип чыгышын каалап, Бишкекке коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө көмөк көрсөтүшүүдө. Бир катар ири компаниялар буга чейин шаардык коммуналдык кызматкерлери үчүн беткаптарды жөнөтүштү.

Ар бир жардам муктаж болгон жарандарга жетиши үчүн, Бишкек шаарынын мэриясы атайын эсеп ачат.

Каражат антисептиктерди, шприцтерди, коргоочу кийимдерди, көз айнектерди, кол каптарды, дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга жумшалат. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңуздөр! Гигиенаны сактаңыздар! Бардык маалыматтар мэриянын www.meria.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Атайын эсеп: 4402061213012249
ИНН: 01710199610068
БИК: 440001
Төлөм коду: 14411100

Толук маалымат: 0777 119771, 0555 001777, 0772 665377 (WhatsApp)

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!