Курулуш аземин ачкан борбор калаабыздын мэри Кулматов өз сөзүндө «Баш-Карасуу суу алгыч курулушу эн маанилүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоор экендигин белгилеп, суу алгыч курулушу Бишкектин  түндүк-батыш тарабындагы жана Чүй облусунун сегиз айылын суу менен камсыздоо маселеси чечилип , жарым айдан бери жаны конуштун тургундарына суу  берилип жатат жана  суу алгыч биринчи жолу Бишкекте жаны техникалык жабдуулар  менен орнотулду»-деди  борбор башчысы.


Курулуштун жыйынтыгында таза суу менен түштүк тараптагы («Ак-Ордо», «Ак-Өргө», «Жогорку Орок», «Ала-Тоо», «Ала-Арча», «Ынтымак», «Арча-Бешик») жаӊы конуштарынын 130 миӊдей жашоочусу жана Орок айыл өкмөтүнүн сегиз айылы (Сарбан, Жал, Жогорку жана Төмөнкү Орок, Селекция, Жаӊы Селекция, Кашкабаш, Калтар) камсыздалды.


Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Марат Аманкуловдун айтымында,  «Суу алгычтын курулушу борборубуздагы эн маанилүү жанылыктардын бири болду. Быйылкы жыл абдан ысык болгонуна карабастан борборубуздун түндүк тарабындагы жаны конуштарына суу жеткире алдык»- деди.


Суу алгычтын курулушу Дүйнөлүк банктын грантынан – 80%, КР өкмөтү – 10% жана Бишкек шаарынын мэриясы 10% каржылоодо. Долбоордун сметалык наркы 366 миллион сомду түзөт.


Коомдоштукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) тендерине ылайык,  иштерди сатып алууда ЖЧК «Шымкентмелиорация» жана ЖЧК ӨИ «Минур» компаниялары ишке ашыргандыгы аныкталды.


Суу алгычтын курулуш иштеринин аткаруу мөөнөтү 30 айды түздү (2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын июнь айына чейин).
Салтанаттын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Динара Жолдешева бул объекттин курулушу Советтер союзу учурунда эле пландалып, бирок азыр гана ишке ашырылгандыгын белгилеп, «дүйнөлүк банк дүйнөлүк курулуш объектилерин ишке ашыруу жагынан зор тажрыйбага ээ. Объектти куруп эле коюш эмес, аны экономдуу колдоно билгендида билүү зарыл»-деп баса белгиледи.


Ошондой эле, Дүйнөлүк банк каржылап жаткан Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоорунун алкагында иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан кичи шаарларына атайы техникалар берилди.

 

- Баткен, Исфана, Нарын, Талас, Таш-Көмүр жана Шопоков шаарларына 6 экскаватор;
- Бишкек, Ош, Баткен, Исфана, Нарын, Талас, Таш-Көмүр, Шопоков, Балыкчы, Токтогул, Кара-Суу жана Сүлүктү 12 комплект ширетүү жабдуулары;
- 2015-жылдын аягында кичи шаарларга автомунара, суу чачуучу жана ассенизатордук унаалар, грейдер, таштанды чыгаруучу жана экскаваторлор берилет.


    Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кенешинин төрагасы Марат Аманкулов,  КР Жогорку Кенешинин депутаты Абдыманап Кутушев, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банкынын өкүлү Динара Жолдошева,Коомдоштукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аткаруучу директору Кубанычбек Исмаилов, «Бишкексуууканал» башкармалыгынын башчысы Асылбек Исаев, кичи шаарлардын мэрлери, мэриянын жана АРИСтин кызматкерлери, ММК өкүлдөрү катышты.