Урматтуу шаардыктар! Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу "Бишкекбашкыархитектура" ишин онлайн режиминде жүргүзөт.

Эми арызды же даттанууну берүү үчүн, ишкананын "бирдиктүү терезесине" келүүнүн кереги жок, сиздер болгону биздин жаңыланган сайт аркылуу www.bga.kg "Интернет-кабылдама" бөлүмүнө кирип, арызыңызды калтыра аласыздар. Айтмакчы, каттоодон өткөндөн кийин, жеке кабинетте документтердин аткарылышын байкоого болот.

Топографиялык сүрөткө, архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарга тапшырык так аралыкты сактоо менен жандуу кезек тартибинде ишке ашырылат.

Кеп-кенеш алуу үчүн, төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыз болот:

- 31 72 94; 35 30 52; 45 68 47

Уюлдук телефон: 0 701 31 70 02, 0701 31 70 01.

Ошондой эле, суроолорду расмий баракчага жөнөтсөңүз болот:

- facebook: https://www.facebook.com/bgakg69/

- instagram: @bgabish

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!