Урматтуу шаардыктар! Борбордогу эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, бирок биз шаардыктардан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жоопкерчилик менен кайрылууну суранабыз

Шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо максатында, оюн-зоок соода борборлорунун, өнөр жай дүкөндөрүнүн, отурукташтыруу жайларынын жана спорттук клубдардын ишмердүүлүгү толугу менен токтотулат.

Кафе жана ресторандар конокторду тозбостон, тамак-ашты алып чыгуу жана жеткирүү боюнча гана иштей алышат.

Шаардыктарга жеке гигиенаны сактоо үчүн чач тарач керек болушу мүмкүн, ошондуктан сулуулук жайлар ишин санитардык эрежелерди бекем сактоо шарты менен улантышат: кардарлар ортосунда аралыкты сактоо, бөлмөлөр жаша шаймандар үчүн күчөтүлгөн дезинфекция жүргүзүү,ошондой эле санитайзер жана антисептиктерди орнотуу.

Ири азык-түлүк базарлары, гипермаркеттер жана дарыканалар үзгүлтүксүз иштейт!

Урматтуу ишкерлер! Айрыкча, соода тармактар! Шаардыктардан көп нааразычылыктар келүүдө! Кардарлардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүнү өтүнөбүз.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө калып, шаарда себепсиз жол жүрүүнү, убактылуу токтотууну өтүнөбүз! Суранабыз, коомдук жайларда маска тагыныңыздар. Колду дайыма самын менен жууп, антисептик менен тазалаңыздар. Тартипти сактоо жана жоопкерчилик борборду вирустан коргоого жардам берет! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379 WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматынын башкы санитардык врачына 0555 920241 номуру аркылуу кайрынсаыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!