Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Борбордук билим берүү уюмдарында карантин болгондугуна байланыштуу, биз дистанттык окутууга өттүк, азыркы учурда 200дөн ашык мугалим жана борбордук мэриянын билим берүү башкармалыгынын методисттери видео-сабактарды тартууга даярданышууда. Негизги сабактар жергиликтүү телеканалдарда: "ЭЛТР", "Баластан" атайын иштелип чыккан ырааттама боюнча өтөт. Мындан тышкары, Ютубка видеосабактар жайгаштырылат.

Азыркы учурда дагы 60 муниципалдык жана 10 жеке менчик мектеп үчүн виртуалдык сабактардын ыраттамасы түзүлүүдө.

Биз сулуулук тармагынын чеберлерине кайрылабыз! Мугалимдер шашылыш, профессионалдуу эмес макияж жана чач жасалгалоо кылып жатышканына байланыштуу, сиздерден окутуучуларыбызга съемкага тартылууга сулуулук сырларын көрсөтүүнү суранабыз.

Визажисттер жана чач тарач чеберлери 0552 995542 Гульмира Акматовадан кенен маалымат алсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!