"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды, таштанды салуучу контейнерлерди, аянттарды жана карантин  жүрүп жаткан жерлерди күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоодо.

Борбор калаанын төрт районунда жалпы беш миңдей контейнер  тазалоодон өтүүдө. Кызматкерлер таштандыларды күнүгө чыгарып, боксторду хлор менен жууп, дезинфекция жүргүзүшөт.

Ошондой эле, дезинфекция иш-чаралары борбордогу тротуар жана скверлерде жүргүзүлүп жатат.
Биз жашыл көк-майдан бөлүктөрун сактап жатабыз.
Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз үйүңүздөрдөн зарыл болбосо чыкпаңыздар!  

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, башкы санитардык врач Айгүл Бейшеналиеванын көзөмөлү менен борбордун базарларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде күнү-түну дезинфекция иштерин жүргүзүүдө.
Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379  WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0550 920241 номуру аркылуу кайрынсаыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!