Бишкекте коронавирустук инфекцияга каршы туруу максатында өзгөчө кырдаал режими жана коменданттык саат киргизилген. Ушундан улам, оюн-зоок мекемелердин жана коомдук мончолордун ишине тыюу салынган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Twitter баракчасына "Ак Босого" конушунда коомдук мончо ишин улантып жаткандыгы тууралуу маалымат келген.
Биринчи май районунун А. Биримкулов жетектеген команда, №16 МАБдын башчысы Т. Мусуркулов участкалык милиция кызматкерлери менен бирге, айтылган жерге ыкчам түрдө барып, коомдук мончолор иштебей, жеке үйлөрдүн гана мончолору иштеп жатканына күбө болушту. Жаңы конуштун тургундарына инфекцияны алдын алуу жолдору жана карантиндин эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Белгилей кетсек, кварталдык комитеттердин төрагалары  жеке сектордун жашоочулары менен коомдук мончолордун иштешине жана башка бир топ адамдардын чогулушуна жол бербөө боюнча маектешүүлөрдү өткөрүүдө.

Урматтуу бишкектиктер! Өтүнөбүз! Үйдөн зарылдыгы жок чыкпаңыздар! Үй шартында гигиенаны күчөтүлгөн тартипте сактаңыздар! Өзүңуздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!