Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы туруу максатында, "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы лифттерди күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялап, тазалоону улантууда.

Бүгүнкү күндө биз миңден ашуун лифтти дезинфекциядан өткөрдүк, анын ичинен 700дөн ашыгы муниципалдык, 300гө жакыны жеке лифттер.

Лифттердин кабиналарынын толук дезинфекциясы жумасына эки жолу өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Бишкекте 3 миң лифт бар.

Калган жеке компанияларга: "Лифтэс", "Кыргызлифт", "АлаТооЛифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис", "Евролифт", "Хундайлифт", милдеттүү түрдө лифттерди, аппараттарын, шахталарындагы эшиктердин облицовкаларын, лифттердин ээлери же үй комитеттердин төрагалары аркылуу, дезинфекция иштерин жүргүзүү тууралуу кабарлоо жиберилген.

Урматтуу шаардыктар! Үйдө болуңуздар! Лифтте башка аламдар менен түшпөстөн, жалгыз түшүүнү сунуштайбыз. Элдин топтолушунан качыңыз! Жеке гигиенаны сактаңыздар! Өзүңүзгө, балдарыңызга жана улгайган адамдарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!